Коом

Өзбекстанда электр энергиясы жана жаратылыш газынын баасы көтөрүлүүдө

Коңшу Өзбекстанда электр энергиясынын жана жаратылыш газынын тарифтеринин көтөрүлүшү боюнча коомдо талкуу жүрүүдө.

Эскерте кетсек, 2024-жылы Өзбекстан Республикасында калк үчүн электр энергиясына жана жаратылыш газына болгон тарифтерде бир топ өзгөрүүлөр болгон.

Электр энергиясы үчүн:

2024-жылдын 1-майына чейин бул өлкөдө 1 кВт/саат үчүн 295 сумду (1,69 сом) түзүп, 1-майдан тартып социалдык керектөө ченемдери жана жаңы тарифтер киргизилген:

Айына 200 кВт/саатка чейин – 1 кВт/саат үчүн 450 сум (3,04 сом);

Айына 200 кВт/сааттан ашса – 1 кВт/саат үчүн 900 сум (6,08 сом).

Жаратылыш газы үчүн:

2024-жылдын 1-майына чейин 1 м³ үчүн төлөм 380 сумду (2,57 сом) түзүп, 1-майдан тартып керектөөнүн көлөмү жана сезондук керектөө эске алынып, жаңы тарифтер киргизилген:

Ноябрь–февраль айларына:

Айына 500 м³ чейин: 1 м³ үчүн 650 сум (4,39 сом);

501ден 2 500 м³ке чейин: 1 м³ үчүн 1 500 сум (10,14 сом);

2 501ден 5 000 м³ке чейин: 1 м³ үчүн 1 950 сум (13,18 сом);

5 001ден 10 000 м³ке чейин: 1 м³ үчүн 2 275 сум (15,38 сом);

10 000 м³дөн ашса: 1 м³ үчүн 2 600 сум (17,58 сом).

Март–октябрь айларына:

Айына 100 м³ чейин: 1 м³ үчүн 650 сум (4,39 сом);

101ден 2 500 м³ке чейин: 1 м³ үчүн 1 500 сум (10,14 сом);

2 501ден 5 000 м³ке чейин: 1 м³ үчүн 1 950 сум (13,18 сом);

5 001ден 10 000 м³ке чейин: 1 м³ үчүн 2 275 сум (15,38 сом);

10 000 м³дөн ашса: 1 м³ үчүн 2 600 сум (17,58 сом).

Акыркы жыл ичинде Өзбекстанда калк үчүн электр энергиясына жана жаратылыш газына болгон тарифтер бир топ жогорулады жана 2025-жылы бул көрсөткүчтөрдүн дагы жогорулашы күтүлүүдө.

Өзбекстанда 2025-жылдын апрель айынан тартып электр энергиясына жаңы тарифтер киргизилери тууралуу да маалымат берилди. Анда:

Айына 200 кВт/саатка чейин – 1 кВт/саат үчүн 600 сум (4,06 сом);

Айына 200 кВт/сааттан ашса – 1 кВт/саат үчүн 1 000 сум (6,76 сом) болору айтылган.

Ошондой эле 2025-жылдын апрель айынан тартып жаратылыш газына болгон керектөөнүн көлөмү жана сезондук керектөө эске алынып жаңы тарифтер киргизилери айтылат:

Ноябрь–февраль айларына:

Айына 500 м³ чейин: 1 м³ үчүн 1 000 сум (6,76 сом);

501ден 2 500 м³ке чейин: 1 м³ үчүн 1 800 сум (12,17 сом);

2 501ден 5 000 м³ке чейин: 1 м³ үчүн 2 100 сум (14,20 сом);

5 001ден 10 000 м³ке чейин: 1 м³ үчүн 2 500 сум (16,90 сом);

10 000 м³дөн ашса: 1 м³ үчүн 3 000 сум (20,28 сом).

Март–октябрь айларына:

Айына 100 м³ чейин: 1 м³ үчүн 1 000 сум (6,76 сом);

101ден 2 500 м³ке чейин: 1 м³ үчүн 1 800 сум (12,17 сом);

2 501ден 5 000 м³ке чейин: 1 м³ үчүн 2 100 сум (14,20 сом);

5 001ден 10 000 м³ке чейин: 1 м³ үчүн 2 500 сум (16,90 сом);

10 000 м³дөн ашса: 1 м³ үчүн 3 000 сум (20,28 сом).

Ушунун натыйжасында электр энергиясынын бааларынын өсүшү элдин, өзгөчө аймактарда жашаган калктын тынчсыздануусун күчөтүүдө. Калк, айрыкча ишкерлер жаратылыш газына, электр энергиясына болгон баанын жана коммуналдык кызматтардын кымбатташы боюнча чоң тынчсыздануусун билдиришүүдө.

 Ал эми Кыргызстанда кандай?

Электр энергиясы үчүн 700 кВт/саатка чейин 1сом 11 тыйындан, 700 кВт/сааттан жогору болсо 2 сом 39 тыйындан төлөнөт.

2024-жылдын февраль айына республиканын калкы үчүн жаратылыш газынын тарифтери 1 м3 үчүн 20,0766 сом, өнөр жай ишканалары, коммерциялык түзүмдөр жана бюджеттик уюмдар үчүн КНСти кошкондо 1 м3 үчүн 24,3941 сом, КНС жана накталай эсептешүү үчүн КНС менен баа — 1 м3 үчүн 24,6119 сом болду.

2023-жылы Кыргызстанда жаратылыш газынын баасы кандай өзгөрдү?

Кыргызстанда көгүлтүр отундун баасы көтөрүлдү. Бирок көптөгөн батыш өлкөлөрүндөгүдөй мааниге ээ эмес, анткен менен 2020-2021-жылдары анын туруктуулугуна көнүп калганыбызды эске алсак (1,1%дан 1,5%га чейин өзгөрүү), тарифтин өзгөрүүсү байкалбай калган жок.

2023-жылдын январь айынан декабрь айына чейин кыргызстандыктар үчүн жаратылыш газына болгон тариф 6,86%га көтөрүлүп, бир куб метрине 18,69 сомдон 19,97 сомго чейин жогорулаган. Бул 2015-жылдагы баалардын өсүшүнөн кийинки бир жыл ичиндеги эң жогорку өсүш болду, башкача айтканда, жаратылыш газына болгон төлөм ошол кезде 13,78 сомдон 16,93 сомго көтөрүлгөн. Ал эми 2020-жылы баа 15,26 сомдон 18,06 сомго чейин жогорулаган.

Дегеле россиялык «Газпромдун» Кыргызстанга келиши менен жаратылыш газына болгон баа кандайча өзгөргөнүн айта турган болсок, баа 2016-жылдагыдай өскөн жок, тескерисинче, арзандады. Калк үчүн белгиленген тариф дароо 14,53%га төмөндөтүлүп, куб метрине болгон баа 14,47 сомго чейин төмөндөтүлгөн.

Кыргызстанда көгүлтүр оттун кымбатташы «Газпромдун» коюп жаткан тарифи эмес экендигин дагы баса белгилеп айтып коюу керек. Компания өлкөдө жаратылыш газынын бир куб метрине болгон бааны сомдун АКШ долларына болгон расмий курсуна байлап койгон келишимдин негизинде иш алып барат (эске салсак, 2015-жылдын январында доллар расмий түрдө 59,2 сом болгон). Демек, ушуга байланыштуу жарандар ар кайсы айларда тарифтердин төмөндөшүн жана жогорулашын байкай алышкан.

Айта кетсек, 2023-жылдын тогуз айында «Газпром» Кыргызстандын бюджетине 5 миллиард 364 миллион сом салык төлөгөн. Ишкананын ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө мамлекеттик бюджетке салыктар жана башка төлөмдөр түрүндө 70 миллиард сомдон ашык каражат которулуп, өлкөнүн мунай жана газ тармагын өнүктүрүүгө инвестициянын көлөмү 42 миллиард сомдон ашты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button