Окуялар

Бишкекте сегиз жаштагы кызды жүк ташуучу унаа коюп кетип көз жумду

Бишкекте Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын айдоочусу сегиз жаштагы кызды коюп кеткенин Патрулдук милиция билдирди.

Кырсык кечээ саат 11:00 чамасында Сергей Лазо көчөсүндөгү №54 мектептин жанында болгон. Кыз ооруканага жетпей каза тапкан.

33 жаштагы Д.А. аттуу жарандын жүк ташуучу унаасы айып короого токтотулуп, кырсык маалымат журналына катталды.

Бишкек шаардык Патрулдук милиция башкармалыгы айдоочуларды жол эрежесин сактоого, жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдө сак болууга чакырат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button