Коом

УКМК: Мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген «Г.К.М.», «Е.Н.Н.» ЖЧКсынын мурдагы башкы директору кармалды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө “Г.К.М.“, “Е.Н.Н.” ЖЧКларын банкроттоо жол-жоболорун мыйзамсыз жүргүзүүнү уюштуруу боюнча коррупциялык схема аныкталды.

Тактап айтканда, “Г.К.М.”, “Е.Н.Н.” ЖЧКсынын мурдагы башкы директору Талас облусунун Айтматов районунун Корумтор аянтында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө лицензияны кармап туруу үчүн 144 461 322,47 сом өлчөмүндө жыйымдын эсептелгенин билип туруп, мамлекеттик органдардын айрым кызмат адамдарынын көмөгү менен аталган төлөмдөрдү мамлекеттин кирешесине төлөөдөн баш тартуу боюнча схема уюштургандыгы такталды.

Учурда кылмыш ишинин алкагында жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү ушул сыяктуу фактыларды аныктоо жана бардык тиешеси бар адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча мындан аркы тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button