Коом
Кеминде көмүргө болгон керектөөнү 50 миң тоннага азайткан күн электр станциясы салынат

Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев бүгүн курулушка капсула салды.
“Калкыбыздын 7 миллиондон ашты, жаңы ири ишканалар ишке киргизилип, электр энергиясына болгон муктаждык өсүүдө. Ошондуктан күн нурун пайдалануу менен таза энергия дүйнөсүнө жол ачып, бул күн электр станциясын курууну баштайбыз”, — деген төрага.
Долбоор кытайлык инвесторлордун жардамы менен ишке ашууда. Станция жылына 155 млн кВт/саат электр энергиясын өндүрө алат. Мындан тышкары, көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарууну 140 миң тоннага жана көмүргө болгон керектөөнү 50 миң тоннага азайтат. Станцияны курууда 500гө жакын жумушчу орун түзүлмөкчү.