Окуялар

Кара-Көл шаарынын жашоочусунун үйүнөн ири өлчөмдөгү марихуана табылды

2025-жылдын 7-январында ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан кызматтын кинология борборунун “Керез” аттуу кызматтык итин колдонуусу менен Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын тургуну 1984-жылы туулган Р. В. А. аттуу жарандын үйүнө тинтүү жүргүзүлгөн.

Тинтүү учурунда үйүндөгү гаражында тактайлардын арасында жашыл целофан пакетке жана ак капка оролгон өзгөчө жыты бар зат табылып алынган.

Соттук-химиялык эскпертизанын корутундусуна ылайык, бул алынган зат жалпы салмагы 3 килограмм 986 грамм “марихуана” баңгизаты болгон.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

1984-жылы туулган Р. В. А. аттуу жаран КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 96-беренесине ылайык кылмышка шектүү деп кармалып, баш коргоо чарасы камакка алуу түрү тандалды.

Учурда аталган баңги кылмышына тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button