Садыр Жапаров дин боюнча мыйзамга кол коюп, муфтиятка үймө-үй кыдыруу эрежесин иштеп чыгууну тапшырды

Президент соцтармактагы баракчасына документ боюнча түшүндүрмө берген:
▪️Светтик көз караштагы жарандар Кыргызстанда динди катуу кармангандар менен бирдей эле санда экенин унутпайлы
▪️Мыйзамда бир эле талаш-тартыш жери бар. Ал – үймө-үй кыдыруу маселеси. Бизде ушул кыдыруу толук жолго коюла элек болуп жатат. Анткени кыдырууга чыкканга ким уруксат берет, кимдер чыга алат, билими кандай болуш керек, кимдер даават айта алат, кандай баракчаларды же китептерди таратса болот деген сыяктуу суроолор тартипке салына элек
▪️Үй-бүлө, бала-чакасын карабай, ачка таштап коюп 3 күнгө, 40 күнгө, 4 айга чейин кыдырууга чыгып кеткендер бар. Ушул кантип болсун?
▪️Дааватка эч ким каршы эмес. Дааваттан биз эч качан зыян көрбөйбүз. Азырынча мечиттерде айта бергиле. Тойлордо, кишини акыркы сапарга узатууга чогулган жерде, базарларда айткыла, кийин кыдыруу аркылуу да айткыла. Бирок ушул кыдыруу эрежесинин баарын муфтият менен Аалымдар кеңеши жөнгө салып, кимдер чыгат, кайсы орган күбөлүк берет, ким көзөмөлдөйт деген сыяктуу эрежелерди так жазып, анан бизге сунуштасаңыздар кайрадан карап берели. Маселе жок.
▪️Эч качан динге каршы чыкпайм. Эгер мен азыр “динди катуу кармангандардын назарынан калбайын, келечек эмне болсо ошол болсун” десем, каршы пикир менен бул мыйзамды кайтарып коёт элем. Бирок бул маселеге жөнөкөй жаран катары эмес, өлкөнүн президенти катары карап жатам
▪️Радикалдар тараптан туура эмес агымга үндөй турган баракчаларды, китептерди тараткан учурлар акыркы убакта көп катталып жатат. Муфтият менен Аалымдар кеңеши талаптарды коюп, эрежелерди так жазып, баарын иретке келтирип алып, анан үймө-үй кыдырууну улантсак мамлекетибиздин келечеги үчүн жакшы болот
▪️Алакандай кыргыз эли 33 агымга бөлүнүп кетиптирбиз. Бул жерде кеп кыдырууну жамынып алып, жарандарыбызды тымызын туура эмес агымга ээрчитип кетип жаткан ниети бузук уюмдарда болуп жатат. Мунун түбү жакшы эмес
▪️Сирия жана башка мусулман өлкөлөрдө мусулмандар эле бири-бири менен “менин уюмум туура, сенин агымың туура эмес” дешип таасир талашып кырылышып, миллиондогон мусулмандардын каны төгүлүп жатканын көрүп жатабыз го
▪️Ошондуктан алакандай кыргызстандыктар бир эле салттуу динибиз менен жашайлычы. Ушуну жолго койгонго муфтият менен дин аалымдары жардам бергиле. Буга чейин бул маселеге эч ким көңүл бурган эмес экен. Кеч боло электе биз көңүл буралы.