Дүйнө

Түркияда мейманканада өрттөн каза болгондордун саны 76га жетти. Бүгүн аза күнү

Түркиянын мейманканасында өрттөн каза болгондордун саны 76га жетти. Буга чейин 52 адамдын сөөгү таанылган. Бул тууралуу DW Түркиянын ички иштер министри Али Йерликаяга шилтеме берүү менен билдирди. Буга чейин 66 адам каза болуп, 51 адам жаракат алганы айтылган.

«Карталкая» лыжа базасындагы 12 кабаттуу Гранд Картал мейманканасында өрт 21-январга караган түнү башталган. Өрт башталгандан кийин кээ бир коноктор мейманкананын терезелеринен секирип, кеминде эки киши каза болгон. Башкалары байланган шейшептерди жана жууркандарды колдонуп жерге түшүүгө аракет кылышкан. Куткаруу иштери мейманкана тоонун боорунда жайгашкандыктан татаалдашып, өрт башталгандан 10 сааттан кийин гана чектөөгө алынган. Өрттү өчүрүүгө 200дөн ашык куткаруучу катышты.

Болу провинциясынын губернатору Абдулазиз Айдин өрттүн себеби азырынча аныктала электигин билдирди. Анын айтымында, өрт ресторан жайгашкан кабаттан чыккан. Окуя болгон учурда мейманканада 234 конок болгон. Мейманканада канча кызматкер болгону тактала элек.

Кырсыктын себептерин иликтөө иштери башталды. Буга чейин мейманкананын ээси менен кошо тогуз адам кармалган. Алар эмнеге айыпталып жатканы азырынча белгисиз.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 22-январды улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, өрттөн каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок.

Бир күн мурун президент Садыр Жапаров Режеп Тайып Эрдоганга көңүл айтуу телеграммасын жолдогон.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button