Коом

Бишкектеги Киев көчөсүнө метробус курулат

Пилоттук долбоорго быйыл гранттык каражаттан алынган 5 млн доллар каралганын мэр Айбек Жунушалиев билдирди. 

Метробус — автобустар катуу ылдамдыкта жүрө турган система. Ал үчүн көчөдөн атайын тилке бөлүнүп, өзүнчө курчалат. Ага автобустан башка транспорт кире албайт. Жүргүнчүлөр кадимки аялдамадан эмес, атайын жасалган терминалдандан гана түшөт. 

Депутат Балбак Түлөбаев метробустарды шаардагы Ала-Арча, Аламүдүн сууларынын жана Чоң Чүй каналынын үстүнө курууну сунуштады. Ошондой эле мэр Бишкекте метро же монорельс курууга акча табылса эле долбоорлорду баштоого даяр экенин кошумчалады. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button