Коом

Курманбек Ниязбеков Жалал-Абад облустук театрынын көркөм жетекчиси болуп дайындалды

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутовдун буйругунун негизинде Курманбек Ниязбеков, 21-январда Барпы атындагы Жалал-Абад облустук кыргыз драма театрынын көркөм жетекчиси болуп дайындалды.

Ал буга чейин Токтосун Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониянын көркөм жетекчиси кызматын аркалап келген.

Ошондой эле театр тармагындагы эмгек жолунда А. Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрынын актёру, А. Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык-драма театрынын көркөм жетекчиси, Кыргыз улуттук «Манас» театрынын режиссёр-коюучусу сыяктуу жолдорду басып өткөн.

Билими боюнча, Курманбек Ниязбеков Т. Абдумомунов атындагы КУАДТнын актёрдук окуу жайын бүтүргөн. Устаты КР эл артисти Замир Сооронбаев. Андан кийин билимин жогорулатып, Б. Бейшеналиева атындагы КММИУнун режиссура бөлүмүн аяктаган. Устаты КР эмгек сиңирген артисти Назым Мендебаиров.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button