Коом
Бишкектин 109 мектебине жүзүн таануу функциясы бар камералар орнотулду

Борбор калаанын милициясынын башчысы көпчүлүк мектептерде камералар иштеп жатканын билдирди.
“Эгерде окуу жайга террористтер, мурда соттолгондор же мектепке тиешеси жок адамдар кирсе, анда камералардын жардамы менен маалымат бизге автоматтык түрдө келип турат”, — деди Азамат Токтоналиев.
Ал Бишкек шаарында 109 мектеп бар экенин, административдик-аймактык реформадан кийин дагы 18 мектеп кошулганын, аларды камера менен жабдууга 19,2 млн. сом керек экенин кошумчалады.