УКМК: Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде координациялык кеңешме өткөрүлдү

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, 2025-жылдын 21-январында КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы генерал-полковник К.К. Ташиевдин тапшырмасынын негизинде Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде коррупцияга каршы түшүндүрүү жана алдын алуу иштери жүргүзүлдү.

Жыйынга жалпы 200 адам, окуу жайдын жетекчилиги, окуу бөлүмдөрүнүн (институттардын, факультеттердин) жетекчилери, профессордук-окутуучулар курамы, студенттер жана коррупцияга каршы күрөш боюнча эксперттер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө УКМК кызматкерлери үстүбүздөгү жылдын 21-январында күчүнө кирген коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзам актыларына киргизилген өзгөртүүлөрдү, тагыраагы коррупциялык кылмыштарды жасагандар үчүн күчөтүлгөн жоопкерчиликти түшүндүрүштү.

Ошондой эле, катышуучуларга презентация түрүндө 2020-2024-жылдар аралыгында билим берүү системасындагы аныкталган жана бөгөт коюлган коррупциялык схемалардын жыйынтыктары жана фактылары боюнча маалымат берилди.