Окуялар
Бишкек-Ош жолунда жети машинени кар көчкү басып калды, бир киши ооруканага жеткирилди

22-январда саат 19:40 чамасында Төө-Ашуу туннелинин алдында эки жолу кар көчкү түшүп, 6 жеңил автоунааны жана 1 «Спринтер» үлгүсүндөгү унааны басып калган. Алардын ичинен бир жеңил машинаны кар көчкү толук басып калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Маалыматка ылайык, ӨКМдин куткаруучулары кар көчкүнүн алдында калган автоунаадан 4 жаранды алып чыгышкан. Эс-учун жоготкон аял “Тез жардам” менен ооруканага жеткирилген. Учурда жеринде тазалоо иштери жүрүп жатат.
ӨКМ маалымдагандай, коопсуздукту камсыз кылуу максатында “Арал” жана “Сосновка” постторунда бардык автоунаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилди.