Коом

УКМК маалымдайт! Кыргызстан жана Россиянын коопсуздук кызматынын Академиясына кабыл алуу жүргүзүлөт

2025-жылдын 27-январынан 27-февралына чейин ар бир шейшемби жана бейшемби күндөрү саат 09:30дан 17:00гө чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин генерал-лейтенант А.К.Бакаев атындагы Академиясына, ошондой эле Россия Федерациясынын Федералдык коопсуздук кызматынын Академиясына   кабыл алуу жүргүзүлөт.

Буга байланыштуу, мекеме улуттук коопсуздук органдарынын кесипкөй кызматкерлерин даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга багытталган илимий-методикалык борбору бар жогорку аскердик окуу жайына өтүү үчүн зарыл талаптардын тизмесин жарыялайт.

Талапкерлерге коюлуучу милдеттүү талаптар:

 -17 жаштан 21 жашка чейин;

 — бою 170 см жана андан жогору;

 — салмагы кеминде 60 кг;

 -толук орто билими жөнүндө аттестаттын же орто кесиптик билими жөнүндө дипломдун (окуудагы жетишкендиги жөнүндө табелдин) орточо баллы 4,0 баллдан төмөн эмес;

* соттуулугунун жоктугу, анын ичинде жакын туугандарынын да;

* чет мамлекеттин жарандыгынын жоктугу, анын ичинде жакын туугандарынын да;

Аңгемелешүүдөн өткөн талапкерлер тандоо сынактарынын төмөнкү этаптарына киргизилет:

-медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүү;

-дене тарбия даярдыгы боюнча нормативдерди тапшыруу;

-психофизиологиялык  күбөлөндүрүүдөн өтүү (IQ тести);

-полиграфты колдонуу менен атайын психофизиологиялык изилдөө жүргүзүү;

 — кирүү экзамендерин тапшыруу.

Аймактарда жашаган талапкерлер төмөнкү даректер боюнча кайрылса болот:

* Бишкек шаарынан төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Бишкек ш., Профсоюз көч., үй-104 “А”, тел.: 0 (312) 30-73-86;

* Чүй облусунан, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Бишкек ш., Кийизбаев көч., 206-үй;

* Ош шаары жана Ош облусу боюнча, дарек: Ош ш., Баялинов көч., 5-үй, тел.: 0 (3222) 7-32-32;

* Жалал-Абад облусу боюнча, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Жалал-Абад шаары, Байзаков көчөсү, 53-үй, тел: 0 (3722) 5-60-49;

* Баткен облусу боюнча, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Баткен ш., Курманжан Датка көч., 15/2-үй, тел.: 0 (3622) 5-00-33;

* Талас облусунан, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Талас шаары, Карл-Маркс көчөсү, 27-үй, тел.: 0 (3422) 5-20-43;

* Нарын облусунан, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Нарын шаары, Ленин көчөсү, 86-үй, тел.: 0 (3522) 5-04-19;

     •Ысык-Көл облусу боюнча, төмөнкү дарек боюнча маектешүү жүргүзүлөт: Каракол шаары, Кутманалиев көч., 148-үй, тел.: 0 (3922) 5-11-80.

Кошумча маалыматтарды КР УКМКнын www.gknb.gov.kg  расмий сайтынан алууга болот.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button