Коом

Ошто синтетикалык баңгизат саткан уюшкан кылмыштуу бангилик топтун мүчөсү кармалды

КР ИИМдин БМЖКККы тарабынан Ош облусунун аймагында «А» аттуу жаран синтетикалык баңгизаттарды таратуу менен алектенип жүрөт деген ыкчам маалымат алынган.

2025-жылдын 15-январында Ош облусунда тергөө-ыкчам иш-чараларды жүргүзүү учурунда 1987-жылы туулган Д.А. Р. аттуу жаран кармалган, ал КР ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу баңги тобунун мүчөсү катары турган. Жеке кароо учурунда кармалган жарандан синтетикалык баңги заттар табылып алынган.
Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык алынган заттар синтетикалык «Альфа — ПВП» баңгизаты болгон.

Бул факт КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде каралган “Сатуу максатында баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо” кылмыштын белгилери боюнча Ош облусунун ИИБнын КБРге катталып, кылмыш иши козголгон.
1987-жылы туулган Д.А.Р. аттуу жаран КР ЖПКнын 96-беренесине ылайык Ош облусунун Кара-Суу РИИБнын Убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча атайын тергөө иштери жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button