УКМК: Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинде кеңешме өткөрүлдү

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, бүгүн, 2025-жылдын 23-январында КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары- УКМК төрагасы генерал-полковник К.К.Ташиевдин тапшырмасын аткаруунун алкагында КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинде мекеменин 200дөн ашык кызматкерлеринин катышуусунда кеңешме өткөрүлдү.

Аталган иш-чара коррупциялык мүнөздөгү кылмыштар үчүн катаалдашкан кылмыш жазасына байланыштуу уюштурулуп, анда катышуучуларга кабыл алынган «Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» КР мыйзамынын ченемдери түшүндүрүлдү.
Президент Садыр Жапаровдун коррупцияга каршы саясатын ишке ашыруу максатында КР УКМК тарабынан «Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» КР Мыйзамынын долбоору иштелип чыккан.

Укук коргоо органдары, анын ичинде УКМК тарабынан коррупцияга каршы тынымсыз күрөшкө карабастан, КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин ишмердүүлүгүндө туруктуу коррупциялык схемалардын сакталышы байкалууда, муну 2020-жылдын октябрынан 2024-жылдын декабрына чейинки статистикалык маалыматтар тастыктап турат.
Тактап айтканда, 11 кылмыш иши козголуп, анын алкагында 8 кызмат адамы кармалган, коррупцияга аралашканы үчүн 6 кызматкер иштен алынып, 1 кызматкер уюшкан кылмыштуулукка байланышы бар үчүн жумуштан бошотулган.

Ошону менен бирге, УКМК кызматкерлери аталган министрликтин ишмердигинин төмөнкү чөйрөлөрүндөгү коррупциялык тобокелдиктерди белгилешти: техника сатып алууга тендер өткөрүүдө, командировкалык чыгымдарды бөлүү учурунда кызмат адамдары тарабынан акча каражаттарын ыйгарып алууда, спорттук жыйындарды өткөрүү үчүн спорттук комплекстердин ижара акысын жасалма жогорулатууда, маданий-спорттук иш-чараларды өткөрүүгө бюджеттик каражаттарды бөлүүдө коррупциялык схемалардын болушу ж.б.
КР Кылмыш-жаза кодексинин 336, 337, 338, 339, 340, 341, 342, 343, 344, 345, 346, 347, 348-беренелерине ылайык, кызматкерлерге коррупциялык кылмыштар үчүн белгиленген жазалар жөнүндө маалымат берилди:
1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштарды жасагандыгы үчүн белгилүү бир мамлекеттик жана муниципалдык кызматты ээлөөгө, белгилүү бир иш менен алектенүүгө милдеттүү түрдө өмүр бою тыюу салууну дайындоо каралган;
2. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштар үчүн айыптарды белгилөөчү ченемдик талаптар жокко чыкты;
3. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштар үчүн күнөөнү таануу жана материалдык зыяндын ордун толук толтуруу жөнүндө макулдашуу түзүлгөндө, сот тарабынан күнөөлүү деп табылган беренеде каралган жазанын минималдуу мөөнөтүнүн жарымынан кем эмес мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза белгиленет;
4. Коррупциялык кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгон жаран: соттолгондугу жоюлганына же алынып салынганына карабастан, ошондой эле кылмыш ишинин кыскартылуусуна, же ал боюнча реабилитацияланганына карабастан – мамлекеттик же муниципалдык кызматка кабыл алынбайт;
5. Коррупциялык кылмыштарды жасоого күнөөлүү адамдардын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлөөсүнө милдеттүү түрдө жана өмүр бою тыюу салынат;
Кеңешмеде белгиленгендей, өлкө жетекчилиги тарабынан 2025-2026-жылдары коррупцияны абсолюттук жоюу милдети коюлган. Мындан улам катышуучуларга, коррупцияны жүзөгө ашырууга же коррупциялык схемаларды уюштурууга жол бербөө жөнүндө эскертүүлөр берилди.