Коом
Кыргыз-тажик чек арасында биргелешкен ишембилик өттү

Кыргыз-тажик чек арасындагы нейтралдуу аймакта достук ишембилиги 22-январь күнү уюштурулганын Баткен райондук акимчилигинен кабарлашты.
Кыргызстандын Кызыл-Бел жана Тажикстандын Гүлистан айылдарынын ортосунда өткөн иш-чарага Баткен районунун жана Тажикстандын Исфара районунун акимдери, күч кызмат өкүлдөрү, эки тараптан жалпысынан 100дөй тургун катышты.
Чогулгандар чек ара тилкесин таштандыдан тазалады. Иш-чара эки элдин мамилесин калыбына келтирүү жана коңшулук байланышты бекемдөө максатын көздөгөн символикалык аракет катары демилгеленген.
Ишембиликке чогулгандар мындан ары эки эл ынтымакта болуп, чек арадагы каттам калыбына келишин күтүп жатканын айтышты.