Коом

23-февраль, 7-апрель, 7-8-ноябрь майрам бойдон калат, бирок иш күн болот. Эмгек кодексине кол коюлду

Документтеги башка дагы маанилүү пунктулар:

▪️8-март, 21-март, 5-май жана 31-август мурдагыдай эле дем алыш болот

▪️Кыргызстандыктар Жаңы жыл менен май майрамдарында бир жумадай эс алышат. Өлкөдө жаңы жылдык эс алуулар 1-январдан 8-январга чейин болсо, май айында 1-майдан 10-майга чейин деп белгиленген

▪️Дем алыш күндөрүн жылдыруу нормасы жокко чыгарылды. Мурда майрам ишемби же жекшембиге туура келсе, эс алуу күнү кийинки жумуш күнүнө которулчу. Эми андай болбойт

▪️Иш берүүчү эмгек акыны, өргүү акысын төлөөнүн, иштен бошотууда эсептөөнүн жана башка төлөмдөрдүн мөөнөтүн бузса 0,25 % өлчөмүндө айыптык ставканын бирдиктүү пайызын белгилөө

▪️Кош бойлуу, бала эмизген аялдардын оор, ден соолугуна зыян деген жумуштарда иштөөсүнө тыюу салган чараларды белгилөө

▪️Аралыктан иштөө боюнча ченемдик-укуктук актыларды киргизүү.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button