УКМК: Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде координациялык кеңешме өткөрүлдү

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.
2025-жылдын 24-январь күнү, КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары- УКМК төрагасы генерал-полковник К.К. Ташиевдин берген тапшырмасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин кызматкерлеринин катышуусу менен координациялык кеңешме өткөрүлдү.
Кеңешме коррупциялык мүнөздөгү кылмыштар үчүн кылмыш-жазасын күчөтүүгө арналып, анын жүрүшүндө кабыл алынган «Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдери түшүндүрүлдү.

Президент Садыр Жапаровдун коррупцияга каршы саясатын ишке ашыруу максатында КР УКМК тарабынан «Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» КР Мыйзамынын долбоору иштелип чыккан.

КР УКМКнын өлкөбүздүн укук коргоо органдары менен биргеликте коррупцияга каршы жүргүзгөн тынымсыз күрөшүүсүнө карабастан, 2020-жылдын октябрынан 2024-жылдын декабрына чейинки статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин ишинде, мурда калыптанып калган туруктуу коррупциялык схемалардын жоюлбагандыгы байкалууда.

Тактап айтканда, 14 кылмыш иши козголуп, анын алкагында 12 кызмат адамы кармалып, коррупцияга аралашканы үчүн 14 кызматкер иштен алынган.
Козголгон кылмыш иштеринин натыйжасында мамлекеттин эсебине 28 млн. 788 миң сом кайтарылган.
Ошону менен бирге УКМК кызматкерлери тарабынан, аталган министрликтин ишмердүүлүгүндө:
1. Мамлекеттик сатып алууларды жана тендерлерди өткөрүүдө;
2. Кызматкерлерди жумушка алууда, сыйлоодо жана эмгек акы төлөөдө;
3. Министрликке тиешелүү мекеме-уюмдардагы иш-аракеттердин КР Эмгек кодексинин талаптарына жооп берүүсүн текшерүүдө;
4. Ар кандай түрдөгү жөлөк пулдарды эсептөөдө;
5. Жарандардын майыптык тобунун деңгээлин аныктоодо жана ыйгарууда;
6. Жумушсуз жарандарды кесиптик багытта окутууда, кайра окутуу курстарын уюштурууда, жана аларды акы төлөнүүчү жумуштарга тартууда;
7. КР жарандарынын жана чет өлкөлүк жарандардын кароосуз калган балдарды асырап алуусу боюнча маселелерди чечүү жараянында коррупциялык тобокелдиктердин орун алгандыгы аныкталды.
Мындан улам, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин кызматкерлерине, коррупциялык кылмыштар үчүн жазалардын негизги өзгөртүүлөр боюнча, КР КЖКнин 336, 337, 338, 339, 340, 341, 342, 343, 344, 345, 346, 347, 348 беренелерине ылайык төмөнкүдөй маалыматтар берилди:
1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштарды жасагандыгы үчүн белгилүү бир мамлекеттик жана муниципалдык кызматты ээлөөгө, мамлекеттик кызматка тиешелүү болгон башка иштер менен алектенүүгө милдеттүү түрдө өмүр бою тыюу салууну дайындоо каралган;
2. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштар үчүн айыптарды белгилөөчү ченемдик талаптар жокко чыкты;
3. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштар үчүн күнөөнү таануу жана материалдык зыяндын ордун толук толтуруу жөнүндө макулдашуу түзүлгөндө, сот тарабынан күнөөлүү деп табылган беренеде каралган жазанын минималдуу мөөнөтүнүн жарымынан кем эмес мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза белгиленет;
4. Коррупциялык кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгон жаран: соттолгондугу жоюлганына же алынып салынганына карабастан, ошондой эле кылмыш ишинин кыскартылуусуна, же ал боюнча реабилитацияланганына карабастан – мамлекеттик же муниципалдык кызматка кабыл алынбайт;
5. Коррупциялык кылмыштарды жасоого күнөөлүү адамдардын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлөөсүнө милдеттүү түрдө жана өмүр бою тыюу салынат.
Кеңешмеде белгиленгендей, өлкө жетекчилиги тарабынан 2025-2026-жылдары коррупцияны абсолюттук жоюу милдети коюлган. Мындан улам катышуучуларга, коррупцияны жүзөгө ашырууга же коррупциялык схемаларды уюштурууга жол бербөө жөнүндө эскертүүлөр берилди.