Саясат

Мирзиёев менен Жапаров Ташкенттеги «Амирсой» лыжа базасында бейформал жолугушуу өткөрдү

Кыргызстандын президенти СадырЖапаров 25-январда Өзбекстанга иш сапары менен барды. Бейформал жолугушуу Ташкент шаарына жакын «Амирсой» курорттук лыжа комплексинде өттү.

«Тараптар Өзбекстандагы жана Кыргызстандагы уникалдуу геоландшафты жана табигый ар түрдүүлүктү пайдаланып биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты», — деп билдирет коңшу өлкөнүн президентинин басма сөз кызматы.Тейлөө кызматына, туристтердин көптүгүнө баа берген СадырЖапаров соцтармактагы баракчасына: «Амирсой” лыжа базасын көрүп, абдан суктандым. Кесиптешим Шавкат Мирзиёевжоктон бар кылып, ушул жогорку деңгээлдеги базаны куруптур. Сөз жок! Азамат! Канчалаган кишилер жумуш менен камсыз болушкан! Ташкенттен ары жарым сааттык жол экен», — деп жазды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button