Коом

Мекендештерин Кыргызстанга мыйзамсыз алып кирип жүргөн пакистандыктар кармалды

Мекендештерин Кыргызстанга мыйзамсыз алып кирип жүргөн пакистандыктар кармалганын Чүй ОИИБден билдиришти. 

«Кармалган шектүүлөр 2 миң долларга мекендештерине виза жасап берип, Кыргызстанга алып келгенден кийин эксплуатациялашкан. Ошондой эле мигранттардын алган айлыгын өздөрүнө алып турганы маалым болду», — деп жазылат билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, бул ишке шектелип чет өлкөнүн 3 жараны кармалган. Мындан тышкары, укук коргоо кызматкерлери визасынын мөөнөтү өтүп кеткен Пакистан менен Непалдын 13 жаранын аныктап, аларга айып салышкан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button