Коом
29-январда күтүлгөн аба ырайы

29-январда түнкүсүн Баткен облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Ал эми күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаап, жолдор тайгалак болот.
Абанын температурасы:
Чуй облусунда түнкүсүн −4…-9, күндүз −3…+2;
Таласта түнкүсүн −4…-9, күндүз −1…+4;
Баткен облусунда түнкүсүн −3…+2, күндүз +2…+7;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн −3…+2, күндүз +2…+7;
Ысык-Көлдө түнкүсүн −4…-9, күндүз 0…+5;
Нарында түнкүсүн −13…-18, күндүз 0…-5;
Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн −4…-6°, күндүз 0…+2° болот.