Коом
Жанар Акаев УКМКны Ош облусундагы ветеринардык кызматтын жетекчисине чара көрүүнү суранды

Депутат Ош облусуна барганда ага бир нече ишкер кайрылып, аймактын башкы ветеринарына акча чогултуларын айтышканын белгиледи.
“Өзбекстанга жумасына дээрлик 15-20 миңге жакын мал экспорттолот. Ошол жерден Ветеринария кызматынын жетекчисине деп бир баш малдан 100 сомдон чогултулат экен. Муну бир нече ишкер тастыктады. Камчыбек Кыдыршаевичке да кайрылам, бул жигитке тез арада чара көрүңүздөр”, — деди Акаев.


