Коом

Учурда өлкө боюнча убактылуу кармоочу жайларында 2000ге жакын шектүү кармалып турат

Бүгүнкү күндө өлкө боюнча тергөө изоляторлорунун убактылуу кармоочу жайларында 2000ге жакын шектүү кармалып турат. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынын башчысынын биринчи орун басары Кемел Садыков Жогорку Кеңештин билдирди.

Депутат Дастан Бекешов ЖАМКтын башчысынын орун басарынан «Көпчүлүк имараттарыңар 1950-1960-жылдары курулган болушу керек, аларды жаңылоо пландарыңар барбы?» деп суроо узатты.

«Буга чейин Жалал-Абад облусундагы убактылуу кармоочу жайды жаңы курдук. Ал жактагы шарттар бардык эл аралык стандарттарга туура келет. Бишкектеги СИЗО 1ди Ысык-Ата районуна үстүбүздөгү жылдын аягына чейин көчүрүүнү пландап жатабыз. Мындан сырткары кезекте Каракол, Ош шаарларына жаңы имарат куруу турат», — деди ЖМАКтын башчысынын биринчи орун басары.

Мындан сырткары эл өкүлү колонияларда жана тергөө абактарында жаткандардын калкты алдаган учурларына каршы күрөшү чараларын сурады. Кемел Садыков бул олуттуу көйгөй экенин моюндап, күрөш жүрүп жатканын айтты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button