Коом
Кыргызстанда жакын арада жасалма жүрөк — LVAD аппараттарын коюу киргизилерин саламаттык сактоо министри билдирди

LVAD — жүрөктүн сол карынчасына коюлуп, кан айлантууга жардам берет. Ал операцияны көтөрө албай тургандарга жана жүрөк алмаштыруу операциясын күткөн бейтаптарга коюлат.
“Жүрөктө тромб болуп же инфаркт болсо стент койсо болот, эгер жүрөктүн булчуңу иштебей калса дүйнөдө жасалма жүрөк коюшат. Ал бизге да жакын арада киргизилет. Азыр америкалык, германиялык компаниялар менен келишим түзүп жатабыз. Алар жасалма жүрөктүн аппараттарын алып келишет. Биздин хирургдар Шумаковдун (белгилүү трансплантолог) борборунан окуудан өтүп келишкен. Ушул дем алышта дагы эки топ окууга кетет”, — деди Алымкадыр Бейшеналиев.
Министр республикадагы өлүмдүн 56%ын жүрөк-кан тамыр оорулары түзөрүн кошумчалады.