Кундус Кырбашева Жашыл энергетика фондунун директору кызмат ордун тапшырып, башка ишке өттү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондунун директору Кундус Кырбашева аталган уюмдагы кызмат
ордун тапшырып, башка ишке өтүп кетти. Президент Садыр Жапаровдун энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү боюнча саясатынын алкагында акыркы жарым жыл ичинде Кыргызстанда жашыл энергетика тармагында олуттуу жылыштар болду.
Кундус Кырбашева 2024-жылдын июль айында Фондго жетекчи болуп дайындалган учурдан тартып, энергиянын кайра жаралуучу булактары (ЭКБ) боюнча долбоорлор үчүн 3 964 гектар жерди ижарага өткөрүп берүү менен инвесторлор менен жалпы эсеп менен 42 келишим түзүлгөн. Анын ичинен 31 жер тилкеси жалпы кубаттуулугу 351,97 МВт болгон чакан ГЭСтер үчүн, ал эми 11 жер тилкеси кубаттуулугу 1 634,5 МВт болгон күн электр станциялары үчүн берилген.
Бул мезгилдин ичинде ижара төлөмдөрүнөн түшкөн каражаттардын суммасы 113 миллион сомду түздү, салыштырмалуу: бүткүл 2023-жыл ичинде ижара боюнча көрсөткүч ноль болгон. Мындай ийгиликке жетүүгө конкурстардын жол-жоболору ачык болгондугуна байланыштуу мүмкүн болду. Алты ай ичинде конкурстук комиссиянын 18 жыйыны өтүп, 107 лот каралды.
Мындан тышкары,Фонд Министрлер Кабинетинин «Инвестициялык келишимдердин алкагында кайра жаралуучу энергия булактары менен иштеген объектилер өндүргөн электр энергиясын кепилденген сатып алуу тартиби жөнүндө» («Каржылык кепилдик») токтом долбоорун иштеп чыккан, ал Президенттин Администрациясынын координациясында даярдалып. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин дарегине макулдашууга жана Президенттин Администрациясына киргизүү үчүн жөнөтүлгөн. Документ учурда макулдашуу стадиясында турат. Бул механизм тармакка жаңы инвестицияларды тартууга жана кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү иштерин ылдамдатууга багытталган.
Учурда Фонддун балансында жалпы аянты 19 000 гектардан ашык болгон 82 жер тилкеси бар, алардын ичинен 15 000 гектары инвесторлорго өткөрүп берүүгө даяр болуп турат. Бул кайра жаралуучу энергия булактары тармагын мындан ары да өсүшүнө өбөлгө түзөт.
Кундус Кырбашева Фонддогу ишин жыйынтыктап жатып, жетишкендиктерди жана маанилүү реформаларды белгиледи. Ал кайра жаралуучу энергетика жаатындагы өнүгүү, президент Садыр Жапаровдун саясий эрки жана инвесторлор үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча системалык чараларга байланыштуу болгондугуна токтолду.
К. Кырбашева өлкөдө жашыл долбоорлорду мындан ары илгерилетүү үчүн, топтогон тажрыйбасын жана иштелип чыккан механизмдерди колдонуу менен кайра жаралуучу жашыл энергетика секторун өнүктүрүүнү жаңы форматта улантууну көздөйтКундус Кырбашева Жашыл энергетика фондунун директору кызмат ордун тапшырып, башка ишке өттү
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондунун директору Кундус Кырбашева аталган уюмдагы кызмат
ордун тапшырып, башка ишке өтүп кетти. Президент Садыр Жапаровдун энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү боюнча саясатынын алкагында акыркы жарым жыл ичинде Кыргызстанда жашыл энергетика тармагында олуттуу жылыштар болду.
Кундус Кырбашева 2024-жылдын июль айында Фондго жетекчи болуп дайындалган учурдан тартып, энергиянын кайра жаралуучу булактары (ЭКБ) боюнча долбоорлор үчүн 3 964 гектар жерди ижарага өткөрүп берүү менен инвесторлор менен жалпы эсеп менен 42 келишим түзүлгөн. Анын ичинен 31 жер тилкеси жалпы кубаттуулугу 351,97 МВт болгон чакан ГЭСтер үчүн, ал эми 11 жер тилкеси кубаттуулугу 1 634,5 МВт болгон күн электр станциялары үчүн берилген.
Бул мезгилдин ичинде ижара төлөмдөрүнөн түшкөн каражаттардын суммасы 113 миллион сомду түздү, салыштырмалуу: бүткүл 2023-жыл ичинде ижара боюнча көрсөткүч ноль болгон. Мындай ийгиликке жетүүгө конкурстардын жол-жоболору ачык болгондугуна байланыштуу мүмкүн болду. Алты ай ичинде конкурстук комиссиянын 18 жыйыны өтүп, 107 лот каралды.
Мындан тышкары,Фонд Министрлер Кабинетинин «Инвестициялык келишимдердин алкагында кайра жаралуучу энергия булактары менен иштеген объектилер өндүргөн электр энергиясын кепилденген сатып алуу тартиби жөнүндө» («Каржылык кепилдик») токтом долбоорун иштеп чыккан, ал Президенттин Администрациясынын координациясында даярдалып. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин дарегине макулдашууга жана Президенттин Администрациясына киргизүү үчүн жөнөтүлгөн. Документ учурда макулдашуу стадиясында турат. Бул механизм тармакка жаңы инвестицияларды тартууга жана кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү иштерин ылдамдатууга багытталган.
Учурда Фонддун балансында жалпы аянты 19 000 гектардан ашык болгон 82 жер тилкеси бар, алардын ичинен 15 000 гектары инвесторлорго өткөрүп берүүгө даяр болуп турат. Бул кайра жаралуучу энергия булактары тармагын мындан ары да өсүшүнө өбөлгө түзөт.
Кундус Кырбашева Фонддогу ишин жыйынтыктап жатып, жетишкендиктерди жана маанилүү реформаларды белгиледи. Ал кайра жаралуучу энергетика жаатындагы өнүгүү, президент Садыр Жапаровдун саясий эрки жана инвесторлор үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча системалык чараларга байланыштуу болгондугуна токтолду.
К. Кырбашева өлкөдө жашыл долбоорлорду мындан ары илгерилетүү үчүн, топтогон тажрыйбасын жана иштелип чыккан механизмдерди колдонуу менен кайра жаралуучу жашыл энергетика секторун өнүктүрүүнү жаңы форматта улантууну көздөйт