Коом

УКМК: Ош облусунда “Хизбут-Тахрир” ДЭУнун активдүү мүчөлөрү жашаган 7 жерде тинтүү иштери жүргүзүлдү — ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, КР УКМК Ош облустук ИИБ менен биргеликте козголгон кылмыш ишинин алкагында экстремисттик уюмдардын ишмердүүлүгүнө каршы күрөшүү боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө «Хизбут-Тахрир»  ДЭУнун активдүү мүчөлөрү жашаган 7 дарегине санкцияланган тинтүү иш-чараларын жүргүздү.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында тыюу салынган экстремисттик адабияттар жана буюмдар (88 китеп, 7 телефон, 13 дептер, 2 планшет, видеокассета жана банк картасы) табылган. Табылган буюмдар КР Юстиция министрлигине караштуу  Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматына  дин таануу экспертизасына жөнөтүлдү.

Экспертизанын жыйынтыгы боюнча кылмыш ишинин катышуучуларына карата КР Кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button