Оштун жаңы мэри жарым жылда жыйынтык көрсөтөрүн айтты

“6 айда Ошту үлгүлүү шаар кылам. Техниканы алдыртам, жолдорду оңдотом, бактарды тиктиртем. Баарын зыңкыйтып кармап коем”, — деди Жеңишбек Токторбаев.
Ал бүгүнкү жыйында орун басарларына “галстугу жок, жумушчу кийим кийип көчөдө иштейсиңер” деген тапшырма койду. Ошондой эле ар бир орун басарын өзүнчө маселеге жооптуу кылып дайындап, ал эми көптөн бери иштеп келген орун басары Нурбек Кадыровго өзгөчө эскертүү берген.
“Нурбек Кадыров көптөн бери иштеп жатыптыр. “Анча-мынча жетекчилер менен кучакташып, өбүшүп жүрсөңүз керек, байкаңыз” дедим. Жетекчи канчалык көп иштесе, байланышы көбөйө берет, иштин бардык жолун билип калат. Өзү мыкты жигит, Японияда окуп келген. Азырынча иштеп турсун, дагы көрөбүз, эгер көбүрөөк өбүшчү болсо иштен алабыз”, — деди калаа жетекчиси.