Кыргыз тоолорундагы көпөлөктүн жаңы түрү россиялык окумуштуунун ысымын алды

Кыргызстандын тоолорундагы көпөлөктөрдүн жаңы түрүнө орусиялык окумуштуунун ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу «Коммерсантъ» гезити РФнын Ульяновск облусунун өкмөтүнө шилтеме берүү менен билдирди.
Пилла токуучулар бүлөсүнөн чыккан көпөлөктөрдүн жаңы түрү жана тукуму биология илимдеринин доктору, Ульяновск мамлекеттик педагогикалык университетинин профессору Вадим Золотухиндин урматына аталганы көрсөтүлгөн.
«Буга чейин белгисиз көпөлөк 2024-жылы Кыргызстандын Талас тоо кыркаларында окумуштуулар тарабынан табылган», — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Вадим Золотухин энтомология тармагындагы белгилүү окумуштуу болгон. Ал ошондой эле Сенгилеевские тоолору улуттук паркынын биринчи энтомологу болгон. Анын ысымы дүйнөлүк илимий коомчулукка белгилүү.