Бишкекте автоунаалар үчүн көчмө каттоо кызматы ишке кирди

Мындан ары юридикалык жана жеке жактар транспорт каражаттарын өзү каалаган жерден каттаса же кайра каттатса болот. Бул тууралуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик кабарлады.
Маалыматка караганда, жаңы көчмө каттоо кызматы пилоттук режимде Бишкек шаарында ишке киргизилди.
«Мобилдик топ багытталган жерге барып, укукту күбөлөндүрүүчү документтерди жана мамлекеттик номердик белгилерди берүү менен транспорт каражатын каттайт. Бул каттоо документтерин алуу процессин жөнөкөйлөштүрүүгө жана тездетүүгө мүмкүндүк берет», — деп айтылат маалыматта.
Кошумча маалымат алуу жана каттоого өтүнмө берүү үчүн +996(999)631727 WhatsApp номери аркылуу кайрылуу керек. Банктын тейлөөлөрүн эсептебегенде ар бир каттоо иш-аракетинин наркы 3 479 сомду түзөт.