Окуялар
Таласта 10 жылдан бери унаанын акчасын бербей качып жүргөн жаран Бишкектен кармалды

1-февралында Талас ОИИБ тарабынан 2015-жылдан бери издөөдө жүргөн Д.А. Бишкек шаарынан кармалып, Айтматов РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 2013-жылдын август айында Кара-Буура районунун тургуну Д.А. аттуу жаран Манас районунун тургунунан “Мерседес-Бенц-230” үлгүсүндөгү автоунаасын 8 000 АКШ долларына баалап алып, бирок акчаны бербей качып кеткен. Бул окуя боюнча Манас РИИБ тарабынан 2015-жылы кылмыш иши козголгон. Бирок Д.А. тергөөгө келбей, изин жашырып жүргөндүгүнө байланыштуу 2015-жылдын ноябрь айында издөө иши ачылган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.