Коом

УКМК: Ысык-Көлдө шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы опузалап акча талап кылгандыгы үчүн кармалды — ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, КР УКМК тарабынан шаар куруу жана архитектура системасындагы коррупциялык схемаларды жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын Ысык-Көл облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн башчысы М.К. тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары тууралуу маалымат келип түшкөн.

Такталгандай, аталган М.К. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Бостери айылында жайгашкан жер тилкелеринин башкы планын текшерүүнүн алкагында кызматтык абалынан пайдаланып, жергиликтүү тургунду «пара» берүүгө мажбурлаган.

Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси боюнча кылмыш-иш козголуп, 2025-жылдын 3-февралында, мурда алынган «параны» кайтарып берип жаткан жеринен М.К. кармалып, тергөө амалдарынын жыйынтыгы менен Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Азыркы учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button