Коом
ЖКда “MCN Сoin криптовалюта” маселеси көтөрүлдү. Депутаттар элди “аферисттерге алданбоого” чакырышууда

“Эч ким силердин 100 сомуңарды 1000 сом кылып бербейт. Ушундай аферисттер чыгары менен текшерип, документтеринин бар-жогу тууралуу элге маалымат берилиши керек”, — деди Көкүлов.
Аны кесиптеши Бактыяр Калпаев колдоп, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү сунуштады.
“MCN Сoin криптовалютасы” деп ачып алып, азыр акча салсаңар 2 айда 100 миң сом, 1 жылда 100 миң доллар болот деп Кыргызстанды кыдырып жүрүшөт. Ушуларга жазаны күчөтпөсөк, эртең “урматтуу президент, урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич” деген кайрылуулар башталат. Буга катуу чара көрүш керек”, — деди эл өкүлү.