Мамлекеттик ооруканаларда дарылоо акы төлөнгүдөй болуп, дарыгерлер ушундай жол менен акча табышы керек–Чечейбаев

Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу билдирди.
Эркин Чечейбаев Жогорку Кеңештин жыйынында медиктер жетишсиз болбош үчүн айлыкты көтөрүү керектигин белгилеген.
«Бир жагынан мамлекеттик бюджеттен айлыгын көтөрүш керек, экинчи жагынан эл аралык тажрыйбага таянуу менен ооруканалардын юридикалык формасын өзгөртсө болот. Ооруканаларларга легалдуу түрдө, медициналык кызматтар менен акча табууга уруксат берсек. Легалдуу түрдө акы төлөп дарылангыдай кылыш керек. Бизде Советтер Союзунан бери жылына эки жолу профилактикалык дарыланууга жатышат. Негизи андай мүмкүнчүлүк бар. Бирок ооруканадагы кызматтар кымбат болушу керек. Бул эми менин жеке оюм. Аны эксперттер менен талдап көрөбүз «, — деген Чечейбаев.
Депутат Бактыбек Чойбеков Кыргызстанда колунда жок жарандар дарыланбай жүргөнүн айтып, элдин шартына карап иш алып барууга чакырган.