
Украина акыркы үч жыл аралыгында АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) бөлгөн жалпы каражаттын 27,2 пайызын алганын РИА Новости америкалык ForeignAssistance.gov порталынын маалыматына таянып эсептеп чыкты.
Эскерте кетсек, USAID ишмердүүлүгү АКШ жетекчилигинин кескин сынына кабылган.
Жарыяланган маалыматтарга ылайык, Украина 2022-жылдан тарта USAID уюмунан эң көп жардам алган өлкө болуп чыкты. Ал жылы агенттик Киевге 41,5 миллиард долларлык бюджетинен 9,95 миллион доллар бөлгөн. 2023-жылы каржылоо 16,43 миллиард долларга чейин өскөн, бул жалпы чыгымдын 38,8 пайызы болуп саналат. Ал эми 2024-жылы Украинага 35,4 миллиарддын 6,05 миллиард доллары бөлүнгөн.
Жалпы жонунан үч жыл ичинде АКШ Украинага 32,4 миллиард доллар берген, бул USAID уюмунун жалпы каржылоосунун (119,3 миллиард доллар) 27,2 пайызы болуп саналат.
Ушу тапта АКШда USAID уюмунун келечеги катуу талкууга алынууда. Буга чейин мамлекеттик башкаруунун майнаптуулугун арттыруу департаментинин жетекчиси болуп дайындалган Илон Маск USAID уюмун биротоло жоюуга аракет көрүп жатканы айтылган. Миллиардер агенттикти Американы жек көргөн солчул марксисттердин уюгуна айланган кылмыштуу уюм деп атаган.
CBS телеканалынын маалыматы боюнча, Ак үй USAID менен Мамлекеттик департаментти бириктирип, штатты кыскартууга ниеттенип жатат. Мында агенттик гуманитардык жардам көрсөтүүгө жоопкер структура бойдон калмакчы.
АКШ президенти Дональд Трамп USAID америкалыктардын акчасын Вашингтондун кызыкчылыгына дал келбеген долбоорлорго жумшады деп айыптап келет.