Тамактанган соң дароо жатып алуунун зыяны

Мамлекеттик билим берүү университетинин медицина факультетинин хирургия кафедрасынын окутуучусу Александр Умнов тамактангандан кийин жатып эс алуу адатынын зыяндуулугу тууралуу эскертти.
Адис туз кислотасынын ашказандан кызыл өңгөчкө ыргытуу коркунучу да бар экенин баса белгиледи.
«Тамактангандан кийин жатпоо керек, анткени бул биринчиден, жүрөк-кан тамыр ооруларынын пайда болуу коркунучун жогорулатат. Экинчиден, туз кислотасынын ашказандан кызыл өңгөчкө ыргытып жиберүү ыктымалдыгын жогорулатат, бул зарнага жана гастроэзофагеалдык рефлюкс оорусунун көрүнүштөрүнүн өнүгүшүнө алып келет», — деп түшүндүрдү Умнов.
Тамактан кийин тамеки тартуу да зыян экенин хирург тактады. Адис бул өпкө рагынын өнүгүшүнө коркунуч туудурарын белгиледи. Анын айтымында, муздак сууну да ичүүгө болбойт, анткени тамак эзилбесе ашказандан бат чыгып кетет.
— Бул анын сиңбей калуу коркунучун жана ачытуунун өнүгүшүн күчөтөт. Сууда сүзүү, ошондой эле спорт менен машыгуу сунушталбайт, анткени ал ич дубалына басымды жогорулатат, бул оору жана спазмдардын пайда болуу коркунучун жогорулатат. Этти жегенден кийин кара чай жана жалбыз чай белоктун сиңүүсүн азайтат, деп жыйынтыктады дарыгер.