Коом
Садыр Жапаров дүйнөдөгү эң бай монархтардын бири менен жолугушту

Брунейдин султаны Хассанал Болкиах ондогогон миллиард долларлык байлыгы менен эң бай монархтардын сап башында турат.
Жолугушуу Кытайдагы Харбин шаарында өткөн.
Жапаров бруней инвесторлорун Кыргызстандын энергетика жана өнөр жай долбоорлоруна, анын ичинде гидроэнергетиканы, күн жана шамал электр станцияларын өнүктүрүүгө катышууга чакырды. Ошондой эле Кыргызстан адал продукцияны сертификациялоо боюнча Бруней менен тажрыйба алмашууга кызыкдар экенин билдирди.
Өз кезегинде Хассанал Болкиах анын өлкөсү Кыргызстан менен кызматташууга ниети бар экенин айтты.