Спорт

Кыргызстандык эки мушкер Испанияда өтүп жаткан эл аралык мелдештин финалына чыкты

Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Ислам Төрөбаев жана Ихтияр Нишанов “Boxam” эл аралык мелдешинин финалына чыкты.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, бокс боюнча мелдеш Испаниянын Аликанте провинциясынын Ла Нусия шаарында өтүп жатат.

Ислам Төрөбаев 57 кг чейинки салмакта катышууда. Мушкер ½ финалдык беттеште казакстандык Жассулан Тилуембек жеңди. Финалдык беттеште Казакстандын мушкери Еркхан Турдун менен беттешет.

Ал эми Ихтияр Нишанов 67 кг чейинки салмак категориясында катышууда. Жарым финалдык беттеште казакстандык Дулат Бекбауовду утту. Финалдык беттеште словакиялык Адольф Станек менен кез келет.

Эске салсак, улуттук курам башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулу жана улук машыктыруучу Акыйкат Абаевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button