Коом

Нуржан Шайлдабекова БШКнын төрайымы кызматынан кетип жатып, коомчулукка кайрылуу жасады

Нуржан Шайлдабекованын өз каалоосу боюнча жазган арызын БШК мүчөлөрү карап, анын чечимин колдоп беришти. Шайлдабекова БШКнын төрайымы болуп 2016-жылы жана 2021-жылы эки ирет шайланган. Кызматты тапшырып жатып, Шайлдабекова коомчулукка кайрылуу жасады:

Урматтуу кесиптештер – бардык деңгээлдеги шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын  атынан чыккан  жана жарандык сектордун    өкүлдөрү, эл аралык уюмдар жана дипломатиялык өкүлчүлүктөр, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын кызмат ордунда  өзүмдүн ишимди жыйынтыктап жатып, Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын реформалоо жана өнүктүрүү боюнча көп жылдар бою биргелешип иш алып барганыңыздар  үчүн Сиздерге ыраазычылылыгымды билдирүү менен кайрылам.

Биз шайлоолордо   аныктыкты   жана айкындуулукту, ачыктыкты жана демократиялык стандарттарды бекемдөөгө багытталган орчундуу реформаларды ишке ашырууга жетише алдык.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын, аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын ар бир мүчөсүнө жана кызматкерлерине сиздердин кесипкөйлүгүңүздөр, ишке берилгендигиңиздер жана шайлоо процессин өнүктүрүүгө кошкон баа жеткис салымыңыздар үчүн чын дилимден ыраазычылык билдирем. Сиздердин талкпаган эмегиңиздер, кесипкөйлүгүңүздѳр жана жоопкерчиликтүү мамилеңиздер шайлоону ийгиликтүү өткөрүүгө жана Кыргызстанда демократияны бекемдөөгө негиз болду.

Бизге бардык учурда ырааттуу колдоо кѳрсѳтүп,  шайлоо стандарттарын жакшыртууга   жана жарандардын шайлоо маданиятын жогорулатууга салым кошкон өнөктөштөрүбүзгө – коомдук жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнө да ыраазычылык билдирем. Сиздердин колдооңуздардын жана кызматташууңуздардын аркасында биз олуттуу ийгиликтерге жетиштик.

Аткарылган иштер жана жетишилген реформалар Кыргызстандын шайлоо системасын андан ары өркүндөтүүгө негиз түздү. Биздин шайлоо системабыздагы топтолгон тажрыйба, киргизилген технологиялар жана жогорку деңгээлдеги  кесипкөйлүк өлкөдөгү демократиялык процесстердин андан аркы өнүгүшүн камсыз кылат деп ишенем.

Мен жаңы жетекчиликке башталган ишти андан ары улантып, шайлоочулардын ишенимин мындан  ары да  актап,  жогорулатат деген зор ишеним менен    эстафетаны   тапшырам. Кыргызстандагы шайлоолор чынчылдыктын, ачыктыктын жана адилеттүүлүктүн үлгүсү болсун.

Колдогондугуздар жана биргелешкен иштериңиздер  үчүн бардыгыңыздарга рахмат!

Урматтоо менен,  Н. Шайлдабекова, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы, — деди ал.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button