Коом
MCN Coinге алданган адамдардын 898ине 1 млн 700 миңден ашык доллар кайтарылып берилди

Бул туурасында ИИМдин өкүлү Данияр Закиров “Биринчи радиого” берген маегинде билдирди.
“ИИМ бул боюнча өткөн жылдын сентябрында иш козгогон. Азыр тергөө жүрүп жатат. Материалдар Октябрь жана Биринчи май райондук милициясында каралууда”, — деди Закиров.
Буга чейин УКМК MCN Coin «криптавалютасынын» уюштуруучулары делген 2 адамды 5-апрелге чейин камакка алган. Шектүүлөрдүн бири Исрадин Субанбеков мунун баары алдамчылык экенин, элден алынган акчаны кайтарып бере албай турганын жана жалпы жонунан 2,5 млн доллар пайда көргөнүн билдирген.