Окуялар
ӨКМ эскертет! Дүрбөлөңгө түшпөңүз — бул текшерүү!

Бүгүндөн тарта 1-мартка чейин Бишкекте калкты кабарлоо тутумдарын текшерүү жүргүзүлөт.
Бул убакта шаарда сиреналар жана үн күчөткүч тутумдары иштейт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы 10 күн бою борбор калаадагы сиреналар жана үн менен кабарлоо тутумдары аркылуу өзгөчө кырдаалдарга карата калкка кабарлоо тутумдарынын даярдыгын текшерүүнү жүргүзөт.