Коом

Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөт

Бүгүн, 11-февралда Бишкектин айрым жерлеринде түтүктөрдү оңдоо-калыбына келтирүү иштерине байланыштуу таза суу өчүрүлөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн саат 10:00дөн 20:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки балдар мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилеринде ичүүчү суу берүү токтотулат.

Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелет: Скрябин — Абай — Радищев — Байтик баатыр — Медеров — Абай — Тыныстанов — Медеров — Скрябин — Малдыбаев — Медеров — Байтик баатыр.

«Бишкексууканал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button