Окуялар
Дубалдары көгөрүп кеткен. Жалал-Абад облусундагы оорукана оңдоого муктаж

Жалал-Абад облустук ооруканасынын травматология бөлүмү тез арада оңдоого муктаж. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутат Алтынбек Кылычбаев билдирди.
Анын айтымында, медициналык мекеменин дубалдары көгөрүп, бүт бөлүмгө тийешелүү бир гана ажаткана бар.
«Бир палатада сегиз бейтап дарыланат. Аларды туугандары дагы карап жатышат. Эркектердин, аялдардын жана кызматтык дааратканалар бир жерде. Сиз оңдоодон кабардар болсоңуз керек. Азыр акча жок деп айтууга болбойт. Андыктан ушуга көңүл буруңуздар», — деди эл өкүлү.
КР Саламаттык сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов көтөрүлгөн маселе менен алек болоорун билдирди.