Садыр Жапаров «Манас» эпосу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзамга кол койду

Документтеги негизги учурлар:
Билим берүү уюмдары үчүн окуу программаларды, окутуу-усулдук жана көрсөтмө куралдарды билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарына ылайык иштеп чыгуу.
Билим берүү уюмдарында жана чет өлкөлөрдөгү кыргыз диаспораларында «Манас» эпосунун үчилтигин окутуп үйрөтүү.
«Манас» эпосунун үчилтигинин классикалык жана башка варианттарынын тексттерин баяндоодо жана башка тилдерге которууда мазмунун өзгөртүп жиберүүдөн коргоо жана көзөмөлдөө.
Эпосту салттуу айтууну өркүндөтүү максатында манасчылар мектептерин түзүү.
Мыйзамда Сагымбай Орозбаков менен Саякбай Каралаевдин айтуусундагы «Манас» үчилтигинин классикалык варианттары болуп саналары бекитилген.
Мамлекеттик, муниципалдык, жеке жана менчиктин башка түрлөрүндө турган объектилердин жана алар чыгарган продукциянын аталыштарында «Манас» эпосунун үчилтигиндеги башкы каармандардын ысымдарын пайдаланууга минкаб уруксат берери белгиленген.