Окуялар
Жүрөк хирургиясы институтунда өрттөн 1,5 жашар бөбөк менен 16 жаштагы өспүрүм көз жумган

Саламаттык сактоо министрлигинин соңку маалыматы боюнча, Улуттук кардиология борборунун жандандыруу бөлүмүндө азыр 11 бейтап жатат. Анын төртөө балдар, экөөнүн абалы өтө оор. Буга чейин саламаттык сактоо министри бейтаптар операциядан жаңы чыккандар экенин айткан.
Ал эми Улуттук госпиталда 2 бейтап дарыланууда, абалы орто оор. Өрт чыккан ооруканадагы бейтаптар Эне жана баланы коргоо борборуна да эвакуацияланган. Алардын абалы туруктуу деп бааланууда.
Мындан тышкары, иске ууланып өрттөн 9 адам жабыркаган. Алардын жетөө медик болсо, экөө бейтаптарды карап жаткандар. Баарынын абалы канааттандырарлык.
Белгилей кетсек, өрт боюнча кылмыш иши козголду.