Окуялар

Жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп кеткен айдоочу кармалды

Жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.

11-февралда болжол менен саат 03:50 чамасында Сузак РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө Ак-Баш айылына бара жаткан унаа жолунда жолдун жээгинде белгисиз жаран денесинен жаракат алып жатат деген маалымат келип түшкөн.

Аталган дарекке милиция кызматкерлери барган учурда азият улутундагы 55-60 жаштар чамасындагы белгисиз жаранды белгисиз авто унаа сүзүп, жол кырсыгынан көз жумгандыгы жана белгисиз айдоочу окуя болгон жерден качып кеткендиги аныкталган.

Кылмыш изи суй электе шектүү катары “Lexus ES300” үлгүсүндөгү авто унаанын 2001-жылы туулган М.О. аттуу айдоочусу кармалып, тийиштүү чара көрүү үчүн тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button