Нурдан Орунтаев өлкөдөгү 17-министрликти жетектемей болду

Кыргызстанда 11-февралда президенттин жарлыгы менен Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттиги министрлик болуп түзүлдү.
Курулуш министрлиги өлкөдөгү он жетинчи министрлик болуп калды. Буга чейин өлкөдө Тышкы иштер министрлиги (1), Ички иштер министрлиги (2), Юстиция министрлиги (3), Коргоо министрлиги (4), Каржы министрлиги (5), Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги (6), Транспорт жана коммуникациялар министрлиги (7), Экономика жана коммерция министрлиги (8), Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (9), Билим берүү жана илим министрлиги (10), Санариптик өнүктүрүү министрлиги (11), Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги (12), Саламаттык сактоо министрлиги (13), Энергетика министрлиги (14), Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги (15), Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги (16) болгон.
Жаңы түптөлгөн министрликти ал агенттик болуп турганда жетектеп келген Нурдан Орунтаев башкармай болууда. Азырынча, ал — министрдин милдетин аткаруучу.
Бүгүн, 12-февралда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети Орунтаевдин талапкерлигин карап, аны министр кылып дайындоого макулдук берди. Эми анын талапкерлиги Жогорку Кеңештин 13-февралдагы жалпы жыйынында каралышы керек.