Окуялар

Ошто ур-токмоктон дагы бир окуучу каза болуп, кылмышка чоң класстын окуучусу шектелип кармалды

Облустук милиция билдиргендей, Кара-Суу районунун Каратай айылында окуучу жыгылып түшүп көз жумганы тууралуу маалымат 12-февралда түшкөн. 

Териштирүү учурунда күбөлөр №39 орто мектептин окуучулары уруша кетип, 9-класстын окуучусу сабалып, эсин жоготуп кулап калгандыгын айтышкан. 

Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси («Ден-соолукка оор залал келтирүү») боюнча иш козголуп, тергөөнүн алгачкы маалыматтары боюнча 9-класстын окуучусун сабаган делип ошол эле мектептин Р.Н. аттуу 18 жаштагы окуучусу кармалган.

Өлүмдүн себебин аныктоо үчүн экспертиза дайындалып, тергөө уланууда. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button