Коом

Бишкекте бир катар айып пулдар көтөрүлүшү ыктымал

Мэрия коомдук талкууга койгон мыйзам долбоорунда төмөнкүдөй нормалар көрсөтүлгөн:

▪️айлананы көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарга — 5,5 миң сом, юридикалык жактарга 17 миң сом (мурда 3 миң/13 миң болчу)

▪️белгиленбеген жерлерге таштанды таштагандарга — 7,5 миң сом, юридикалык жактарга 23 миң сом (5,5 миң/ 17 миң)

▪️өндүрүш, өнөр жай жана медициналык калдыктарды белгиленбеген жерге таштагандарга — 10 миң сом, юридикалык жактарга 28 миң сом (7,5 миң/23 миң)

▪️таштанды өрттөгөндөргө — 12,5 миң сом, юридикалык жактарга 35 миң сом (7,5 миң/23 миң)

▪️жолду, темир жол өтмөгүн же жол белгилерин бузгандарга —  10 миң сом, юридикалык жактарга 28 миң сом (5,5 миң/17 миң)

▪️жол эрежесине коркунуч жараткандай жолдун булганышына себеп болгондорго —12,5 миң сом, юридикалык жактарга 35 миң сом (7,5 миң/23 миң)

▪️жолдо уруксатсыз оңдоо иштерин жүргүзгөндөргө —15 миң сом, юридикалык жактарга 45 миң сом (12,5 миң/35 миң)

▪️жол жээктеринде соода түйүн, тамактануучу жай, жол белги сыяктуу мыйзамсыз объектилерди орноткондорго — 5,5 миң сом, юридикалык жактарга 17 миң сом (3 миң/13 миң)

▪️жолго караштуу жерди айдоо, көк майсанга унаа койгон, тигилген бак-дарактарды зыянга учураткан, саркынды сууларын арыктарга агызгандарга — 10 миң сом, юридикалык жактарга 28 миң сом (5,5 миң/17 миң)

▪️белгиленбеген жерде соода кылгандарга — 5,5 миң сом, юридикалык жактарга 17 миң сом (3 миң/13 миң)

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button