Коом

Күн ысык болот. Март айына карата аба ырайы

Кыргызгидромет мартка карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди. Анда абанын айлык орточо температурасы көпчүлүк аймактарда климаттык нормада болору айтылды. Синоптиктердин жаздын биринчи айына берген божомолунда жаан-чачын көп жаабай тургандыгы байкалат.

Чүй облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакындап +4…+6, тоо этектеринде жана Кемин өрөөнүндө норманын чегинде катталып +1…+3 градус болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3 …+2 градустан +5…+10 градуска чейин, күндүз +8…+13төн тарта +18…+23 градуска дейре өзгөрүлүп турушу мүмкүн. Кээ бир түндөрү -4…-9 градусту көрсөтүп ылдыйлап, күндүз 0 — …+5 градуска чейин төмөндөшү күтүлөт.

Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн 0… -5 градустан +1…+6 градуска чейин, күндүз +6…+11ден өйдөлөп, +16…+21 градуска чейин өзгөрүлүп турушу, кээ бир күндөрү түнкүсүн -6…-11, күндүз -2 …+3 градуска чейин төмөндөшү ыктымал.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болмокчу.

Талас облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп +2…+4 градуска жетиши күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1…-6дан +3…+8 градуска чейин болсо, күндүз +7…+12 градустан өйдөлөп отуруп, +17…+22 градуска чейин өзгөрүп турмакчы. Кээ бир күндөрү абанын температурасы түнкүсүн -7…-12, күндүз -2 …+3 градуска чейин төмөндөшү күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болору айтылды.

Ош облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакындап +6…+8, тоо этектериндеги райондордо +4…+6 градустун тегерегинде болорун айтышты.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…+5тен тарта +6…+11 градуска, күндүз +8…+13төн өйдөлөп, +20…+25 градуска чейин өзгөрүлүп турушу, кээ бир түндөрү -1…-6 градуска чейин, ал эми күндүз +2…+7 градус болушу күтүлөт.

Тоо этектериндеги райондордо марттын ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3… +2 градустан +4…+9 градуска чейин, күндүз +8…+13 градус жылуулуктан +18…+23 градус жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу, кээ бир күндөрү түнкүсүн -4…-9 градуска чейин түшүп, күндүз 0…+5 болмокчу.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болорун айтышты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button