Бишкектеги №72 мектептеги окуучунун өлүмү. Шектүү кармалды

Мектеп окуучусунун денесине оор залал келтирген деп шектелген жаран кармалды.
Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматынынын маалыматына ылайык, 10-февралда Ленин райондук ички иштер башкармалыгына А.Д. аттуу жаран №72-орто мектебинин 9-классынын окуучусуна карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Анын уулу 2010-жылы туулган А.А. ушул жылдын 21-январында мектептин дааратканасында денесине залал келтиргенден кийин эс-учун жоготуп, Улуттук кардиология борборуна жаткырылып, 4-февралда ооруканада каза болгон.
А. Д. аттуу жарандын арызы Ленин райондук ИИБнин кызматкерлери тарабынан 2025-жылдын жылдын 7-февралында каттоого алынган жана тергөөгө чейинки текшерүү материалына тиркелген.
Андан соң кылмыш иши Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан өндүрүшкө кабыл алынган. Кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында бул окуяга шектүүнүн 8-класстын окуучуларынан системалуу түрдө акча талап кылуусу себеп болгону аныкталган. Анын натыйжасында Т.И. А.А.ны уруп, анын кесепетинен эс-учун жоготуп, ооруканага жаткырылып, ооруканадан каза болгон.
Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин «Ден соолукка оор залал келтирүү» жана «Опузалап талап кылуу» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 2009-жылы туулган Т.И. Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Эске салсак, кармалган жаран баңгизатын колдонгону тууралуу маалымат тастыкталган жок, анткени бардык керектүү экспертизалар жүргүзүлүп, жыйынтыгында колдонуунун издери табылган эмес.
Учурда тергөө иштери уланууда.